Урматтуу ата-энелер,мыйзамдуу өкүлдөр балдарды бакчага кезекке тургузуу үчүн mektep.edu.gov.kg сайтына кирип кезекке тургузасыздар!
Кантип колдонуу керек?
Колдонуу үчүн ,төмөнкү маалыматты толтуруңуз:
- Балага ким экениңизди көрсөтүңүз? (ата,эне) бул пунктту тандагандан кийин тиешелүү документти көрсөттүү керек
- Баланын ата-энеси /мыйзамдуу өкүлү жөнүндө маалымат: жарандык: идентификациялыкжеке номери(ИЖН),аты жөнү,паспорттук маалыматтары,(сериясы, номери). Уюлдук телефон номери; Негизги электрондук почта; Кошумча электрондук почта(электрондук почталар логин,паролду калыбына келтирүү үчүн колдонулат);
- Бала тууралуу маалымат: Идентификациялык жеке номери(ИЖН),толук аты-жөнү,туулган жылы,баланын жынысы; Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы,номери;
- Мектепке чейинки билим берүү уюмун тандоо: Окуттуунун тили; Арыз берүүчү каалаган бала бакчаны тандай алат.
- Толтурулган форманы жөнөтүү алдында маалыматты карап чыгуу; Өтүнмөнү берүүдөн мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү зарыл . Арызыңызды ырастагандан кийин ,сиздин электрондук почтаңызга мектепке кирүү үчүнарыз ийгиликтүүкабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү түшөт.